Бишкекте Лексустун айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. 44 жаштагы жаран мүрт кетти

Кечээ, 14-октябрда саат 23:00 чамасында Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндө адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22 жаштагы Лексус RX унаасынын айдоочу көчө менен түштүк тарапка бара жатып, №85 үйдүн тушунан 1977-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан ары жол жээгинде токтоп турган Мерседец Бенц үлгүсүндөгү авто унааны сүзүп токтогон. Жөө жүргүнчү ошол жерден көз жумган. Бул факты боюнча эки унаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Ал эми жергиликтүү ЖМК окуянын видеосу менен бөлүштү.