Бишкекте Ленин жана Аламүдүн районунун аскер комиссарлары камакка алынды

УКМК үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Ленин жана Аламүдүн аскер комиссарларын камакка алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар акчалай сыйлык үчүн системалуу негизде аскердик каттоого алуу жана аскердик билеттерин берүү менен алектенишкен. Башкача айтканда, жарандардан акча чогултууну жүзөгө ашырышкан.

Жогорудагы аскер кызматкерлери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынып, 17-февралга чейин Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына жайгаштырылды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, 12-декабрда Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин бирин Бишкек шаарынын райондук комиссариатына которуу үчүн пара алып жаткан жеринен Коргоо министринин жардамчысы кармалган эле.