Бишкектеги Линейная көчөсүндөгү люктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чакыруу 26-мартта саат 15:03тө келип түшкөн.
«Аталган жерден куткаруучулар 30-40 жаштагы адамдын жансыз денесин алып чыгышкан. Андан соң ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп жазылат маалыматта.