Бишкекте май алмаштыруучу жайда чыккан өрт жакын жайгашкан үйгө өттү

Бишкекте май алмаштыруучу жай өрттөндү. Алдын ала маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкекте унаанын майын алмаштыруучу жайдан чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун штабы тартылды. Тилсиз жоо саат 16:24дө чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн болжолдуу аянты 500 чарчы метрди түзөт. Мындан сырткары “Бишкек суу канал” ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, ИИМден 2 бригада, тез жардам кызматынан 1, “Бишкекгаз” кызматынан 1, РЭТтен 1 бригада иш алып барууда.

Соңку маалымат боюнча, Бишкектин Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май алмаштыруучу жайынан чыккан өрт жакын жайгашкан Фрунзе көчөсүндөгү турак үйгө өтүп, үйдүн чатырынан өрт чыккан.