Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ички иштер министрлигин 21 жаштагы, II топтогу майыптыгы бар кыздын иши боюнча калыс жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө чакырган.
Окуя боюча Бишкек ШИИБден маалымат беришип, тергөөгө чейинки текшерүүлөр башталганын, бирок жабырлануучу психологиялык-психиатриялык экспертизага бир нече жолу келбей койгонун билдирди. Азыр кыздын кайда экени белгисиз.
Биринчи май РИИБи ошондой эле айтылган факты боюнча эми кылмыш иши козголгонун кошумчалады. Кылмышка шектелген чет элдик 3 киши милицияга жеткирилип, кайра келүү убадасы менен коё берилген. “Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу тарап чет элдик жарандарга дооматы жок экенин айтып, тосмо арыз берген. Бирок ага карабастан, тергөө уланууда”, — деп айтылат маалыматта.