Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн аял кармалды

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2023-жылдын май айынан тартып Орусиянын Алтай аймагында Федералдык аткаруу жана жаза башкармалыгы жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу), 159-беренеси (төлөмдөрдү алуудагы алдамчылык) боюнча издөө жарыялаган. Бишкек шаарынын аймагынан өңүнөн таануу системасы менен коомдук жайларда орнотулган сырткы видео байкоо камералары анын издөөдө экенин аныктаган. 13-мартта милиция кызматкерлери жаранды кармап, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришти.