Бишкекте мас абалындагы айдоочу жол оңдоо иштерин жүргүзүп жүргөн жигитти сүздү. Ал ошол жерден жан берди

18-октябрда Бишкекте 20 жаштагы айдоочу жол оңдоо иштерин жүргүзүп жүргөн жигитти өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 01:55 чамасында 2001-жылы туулган айдоочу мас абалында Мазда-Демио унаа менен Горький көчөсү менен батыш тарапка бара жатып, Айдаралиев көчөсүнүн кесилишинен жолдогу оңдоп-түзөө иштерин көрсөтүп турган жол белгилерине карабай ошол жерде иштеп жаткан “Аргын-Курулуш” ишканасынын 1994-жылы туулган кызматкерин сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен 1994-жылы туулган жигит ошол жерде көз жумган.

«Азыркы учурда унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Бишкек ШИИБдин жол кырсыктары боюнча Тергөө кызматына жеткирилип, тийиштүү соттук-медициналык, автотехникалык, экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.