Бишкекте мас абалындагы айдоочунун жол оңдогон жигитти өлтүрө сүзүшү. Кырсыктан 2 адам көз жумганы маалым болду

Буга чейин Бишкектеги Милициянын кайгуул кызматынан 18-октябрда Бишкекте 20 жаштагы айдоочу жол оңдоо иштерин жүргүзүп жүргөн жигитти өлтүрө сүзгөнүн, окуя саат 01:55 чамасында болгонун, жол кырсыгынын кесепетинен 1994-жылы туулган жигит ошол жерде көз жумганын билдиришкен эле.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жол кырсыктан бир жигит эмес, эки адам каза болгонун айтып, маркумдун жакыны кайрылды. «Менин 1987-жылы туулган агам да дал ушул кырсыктан каза болду. Ал аялдамага чейин сүйрөлүп барыптыр. Аны таануу да мүмкүн эмес экен. Денесинин баары тытык. Азыр жакындарыбыз өлүкканага сөөгүн алып келгени кетти», — деди ал. Ошол эле учурда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы жол кырсыктан бир эмес, эки адам көз жумганын тастыкташты.

Окуянын дагы бир күбөсү редакцияга кайрылып, жол оңдолуп жаткан жерде айдоочулар үчүн жарыкты чагылдырган белгилер болбогонун, караңгыда милиция айткан белгилерди көрүү мүмкүн болбогонун айтты.