Бишкекте мас абалындагы аял унаасы менен дагы бир унааны сүзгөн. 2 адам ооруканага жеткирилди

Айдоочу айым экинчи жолу мас абалында унаа башкарып, кайгуул кызматкерлерине кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

29-майда саат 17:30 чамасында 1989-жылы туулган айдоочу айым Мерседес-Бенц 240 үлгүсүндөгү унаа менен Орозбеков көчөсүндө катуу ылдамдык менен жана каршы тилкеге чыгуу менен башкарып бара жатып, Баялинов көчөсүнүн кесилишинен 1958-жылы туулган айдоочунун башкаруусундагы Хонда-Акура үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Катталган жол кырсыгынан Хонда-Акура үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү жабыркап №4 шаардык ооруканага жеткирилди. Текшерүү учурунда Мерседес-Бенц 240 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында экендиги аныкталган.

Азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул айым өткөн жылдын ноябрь айында да мас абалында унаа башкарып, кайгуул кызматкерлери аркылуу кармалып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.