Бишкекте мас айдоочу сүзүп алган 26 жаштагы кыз каза болду

Бишкекте мас айдоочу сүзүп алган кыз алган жарааттарынан улам каза болду. Анын 26 жашта экендиги аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Буга чейин бүгүн, 7-апрелде Бишкекте мас айдоочу унааны, кийин кызды, аягында мамыны сүзүп токтогону маалымдалган.