Бишкекте мас айдоочу унааны, кийин кызды, аягында мамыны сүзүп токтоду

Бүгүн, 7-апрель күнү саат 08:45 чамасында Subaru Forester унаасы Бишкек шаарынын Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен Opel унаасын сүзүп, эбегейсиз материалдык чыгым келтирген. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашты.

Айдоочу жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып бара жатып, Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп кеткен. Андар ары Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамысын сүзүп токтогон. Жөө жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилди.

«Айдоочуну текшерүү учурунда Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы аныкталды. Унаа айып аянтчага токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды», — деп жазылат маалыматта.