Бишкекте массаж салонуна жамынган сойкукана табылды

УКМК тарабынан борбор калаада сойкукана уюштурууну аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган системалуу иш-чаралардын алкагында, 11-майда массаж салонуна жамынып, интимдик кызмат көрсөтүүчү сойкукана уюштурган Кыргыз жараны Д.А.Д. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган укалоочу жайда 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу дагы башка фактылар аныкталууда.

УКМК интимдик жайларды уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, ошондой эле сойкулукка тартуу жана аны менен алектенүү үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.