Бишкекте мейманканадан өрт чыгып, чатыры жана эмеректери күйүп кетти

Бүгүн, 16-июнь күнү Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан «Причал-24» мейманканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Такталган маалымат боюнча тилсиз жоо адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес, жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Өрттү өчүрүүгө саат 04:53тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, кошумча саат 05:08де 1 жана 05:15те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 05:33тө чектөөгө алынып, саат 08:20да толук өчүрүлгөн. Өрттүн болжолду аянты 300 чарчы метрди түзүп, жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры, жыгач жасалгасы жана эмеректер күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.