Бишкекте мейманкана кызматкерин сабады деп шектелген адам кармалды

Бишкекте мейманкана комплексинин кызматкерин сабады деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя февраль айында болгон. Түндө борбор калаадагы мейманканалардын биринде шаар тургуну мекеменин кызматкерлерин сөгүп, кызматкерлердин бирин сабап салган. Бул ишке шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган 25 жаштагы жаран кармалды.

Бул факты бирдиктүү реестрге катталып, 119-берененин негизинде сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.