Бишкекте мектеп алдында мушташкан окуучулар. Директор эмне дейт?

Кечээ, 20-сентябрда социалдык тармактарда мектеп окуучулары мушташып жаткан видео тараган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден маалымат беришти.

Маалыматка караганда, 17-сентябрда саат 13:47 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына №46 мектептин окуучулары арасында мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция чоң класстар арасында болгон уруш мушташка айланганын аныктаган.

Жогорудагы фактынын негизинде окуяга катышкан бардык мектеп окуучулары мыйзамдуу өкүлдөрү менен райондук бөлүмгө жеткирилген. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бир катар окуучулар каттоого алынган. Эч ким жазуу жүзүндө арыз берген эмес. Милиция директор окуя тууралуу айтып берген видео менен бөлүштү.