Бишкекте мектеп окуучулары мушташа кетишти (видео)

Кечээ, 9-мартта социалдык тармактарда жаш балдардын мушташкан видеосу тарап кызуу талкууга түшкөн. Анда мушташкандар Бишкектин мектеп окуучу кыздары экени айтылган.

Мындан улам бүгүн 9-мартта Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган окуянын бардык катышуучулары аныкталып табылган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасмадагы окуя Бишкектеги Фучик көчөсүндөгү мектептердин биринин окуучуларынын ортосунда болгон. Анда 2007-жылы туулган 4 окуучу жана 2008-жылы туулган 2 окуучунун ортосунда келишпестиктер жаралып, чыр чыккан.

Учурда аталган окуучулар иштин бардык жагдайларын ар тараптуу, толук кандуу жана объективдүү тактоо үчүн Ленин райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Жана бул факт Ленин райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ошондой эле, окуучулардын ата-энелери менен алдыда мындай чыр-чатактуу окуяларга жол бербөө боюнча, алардын жашы жете элек балдарынын тарбиясы кароосуз калбашы үчүн түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүлөт.

Милициядан билдиришкендей учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл иштер аткарылууда, анын жыйынтыктары тууралуу кошумча маалымат берилет.