Бишкекте мектеп окуучусун жөө өтмөктөн айдоочу сүзүп алып, аны унаага салып кеткен

Социалдык тармактын колдонуучулары бүгүн, 7-июнда эртең менен 8:05 чамасында Карл Маркс көчөсүндө мектеп окуучусун жөө өтмөктөн өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткенин, заматта айдоочу кызды унаасына көтөрүп, салып кеткенин жазып чыгышкан эле.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматы кырсык катталганын билдиришти. «102» кызматы аркылуу маалымат түшөр замат Милициянын кайгуул кызматы ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаанын 1965-жылы туулган айдоочусун аныктап, Тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган. Тактоо учурунда айдоочу качкан эмес, болгону сүзүп алган баланы 3-шаардык ооруканага алып келгендиги аныкталган. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.