Бишкекте мектеп өрттөндү (видео)

Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 20:32де толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен имараттын 100 чарчы метр аянты күйгөн. Жабыркагандар жок.