Бишкекте мектепте 7 жаштагы баланы урган жаран үй камагына чыкты

Бишкекте мектепте 7 жаштагы баланы урган жаран үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 13-июнга чейин үй камагында болот.

  • 12-апрель күнү милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда ал окуучулардын биринин ата-энесине карата чара көрүүнү сураган. Ошол эле күнү саат 16:15тер чамасында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринин ичинен жашы жете элек 2016-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтирген. Милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилген.