Бишкекте мектептердин курулуш иштерин жүргүзүүдө дээрлик 6 миллион сомду кымырып коюшкан

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекетке 5 миллион 830 миң сом материалдык зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, борбор шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2017-жылы Бишкек шаарындагы №46 орто мектебин капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жеңүүчүсү деп 5 миллион 268 миң сомду сунуштаган ачык акционердик коомунун филиалы табылып, ал эми 4 миллион 659 миң сом сунуштаган жоопкерчилиги чектелген коомунун сунушу мыйзамсыз четке кагылгандыгы такталган. Натыйжада, мамлекетке келтирилген зыян 609 миң сомду түзгөн. Мындан сырткары, аталган объект боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары акционердик коомунун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, аткарылган жумуштар үчүн 3 миллион 6 миң сомго баасы негизсиз көбөйтүлгөн актыга кол коюшкан.

Ошондой эле, 2017-2018-жылдары жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн келишим боюнча Бишкек шаарындагы №10 орто мектепте 31 миллион 346 миң сомдук капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жасалбаган иштер үчүн 2 миллион 214 миң сомго негизсиз көбөйтүлгөн жумуштарды кабыл алышкан. Башкача айтканда, борбор калаадагы №10 жана №46 орто мектептерде жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштерди кабыл алууда мамлекетке 5 миллион 830 миң сом зыян келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен катталып, тергөө иштери башталды.