Бишкекте милиция кызматкеринин ок чыгарган учуру видеого түшүп калган (видео)

Социалдык тармактарда Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери айдоочуга ок чыгарганы тартылган видео таралууда.

Кадрларда патрулдук кызматкер менен Toyota RAV-4 унаасынын айдоочусу алгач унаа токтотуучу жайда сүйлөшкөнү көрүнүп турат. Анан айдоочу кетет, бир аздан кийин кайра келет. Бир күн мурун маалымдалгандай, тапанча талашуу же милицияга кол салуу кадрларда жок. Патрулдук милиция кызматкери тапанчаны алып чыгып, айдоочуга ок чыгарган.

27-августта Патрулдук милиция кызматынын кызматкери айдоочуну аткан. Расмий маалымат боюнча, ал айдоочу жаңжал чыгарып, кызматкердин тапанчасын талашкан. Ушундан кийин  милиционер аны кокусунан атып алган.