Бишкекте милиция кызматкери баңгизат менен кармалды

Бишкекте милиция кызматкери баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери кармалып, анын кызматтык формасынан өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм болгон белгисиз зат табылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү милициянын кенже сержантын наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизатын колдонгону аныкталган. Андан тышкары, милициянын кенже сержанты жогоруда көрсөтүлгөн далил зат катары алынган кочкул-күрөң түстөгү баңгизатты сатып алган дарегин айткан. Көрсөткөн дарек боюнча Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы батирлердин бирине тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 57 граммдан ашык зат табылып алынган. Жогоруда көрсөтүлгөн даректе баңгизатты колдонуп отурган Бишкек шаарынын 4 жараны: 29 жаштагы 2 жигит, 33 жана 31 жарандар милицияга жеткирилген.

Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери тергөө аяктаганча тергөө абагына камакка алынды. Ошондой эле үйүнөн баңгизат табылган Жал кичирайонунун тургуну 29 жаштагы жигит камакка алынган.