Бишкекте милиция кызматкерин токмоктоп, формасын айрып салышкан. Шектүүлөр кармалды

Бишкектеги түнкү клубдардын биринин жанынан Кайгуул кызматкери сабалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 27-апрелде болгон. Жарандар мас абалында коомдук тартипти бузуп, уят сөздөрдү айтышкан. Эскертүүлөргө карабай, алар каршылык көрсөтүп, милициянын сержантын бетке уруп, милиция кызматкеринин формасын айрып салышкан.

Шектүү катары 2004 жана 2005-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган.