Бишкекте милиция кызматкерин ур-токмокко алууга шектүүлөр кармалды

Бишкекте милиция кызматкерин ур-токмокко алууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

17-майда саат 03:15 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Жалда мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ленин РИИБдин кызматкерлери барганда жаран буту ооруп жатканын айткан. Ага Тез жардам чакыртылып, ооруканага жеткирилген. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Милицияны сабоого шектүү катары 2000-жылы туулган 3 жигит кармалды. Ага чейин дагы бир жаран кармалып, камакка алынды.

Маалыматтарга караганда, сабалган милиция кызматкери Биринчи Май РИИБде иштейт.