Ленин РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Бишкек шаары боюнча Кызматтык иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаранды кармашты.
Буга чейин Ленин райондук ИИБге борбор калаанын тургуну К.А. арыз менен кайрылып, анда белгисиз «Т» аял аттуу адам анын жашы жете элек кызына коркутуу жолу менен акча үчүн эркектер менен интимдик мамилеге барууга мажбурлап келгенин билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
30-июлда аталган кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүү маалында 1977-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран кылмыш ишин токтотуу үчүн милиция кызматкерлерине пара сунуштаган. Бул тууралуу жетекчиликке дароо кабар берилген. 1-августта ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин кызмат бөлмөлөрүнүн биринде 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Б.Т. кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган жаран шектүү катары кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.