Бишкекте милиция кызматкерлери адам уурдоого шектүүлөрдү кармашты

4-июнда Бишкек шаарынын Ленин районунун ички иштер башкармалыгына Б.А. аттуу жаран «К.», «А.», «Б.» жана дагы бир белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 18:30дан 19:00гө чейинки убакытта арыздануучуну Жал кичи районунан өз каалоосуна каршы “Киа К5” үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен. Андан соң физикалык күч колдонобуз деп коркутуп, шаардагы күрөөканалардын бирине “iPhone” маркасындагы уюлдук телефонун 38 миң 500 сомго өткөрүп берүүгө мажбурлаган. Андан кийин көрсөтүлгөн суммадагы акчаны ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (Адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон. Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган С.А., 2005-жылы туулган А.Б. жана 2002-жылы туулган Т.К. аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилген жана Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка катышкан акыркы адамдын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери уланууда.