20-сентябрда саат 01:00 чамасында 2002-жылы туулган А.Н. мас абалында милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, агрессивдүү кабыл алып, кызматкерлерге адепсиз сөздөрдү айтып, ээнбаштык менен мамиле жасап, ошондой эле кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда активдүү каршылык көрсөтүшкөн.
Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин МЭЖге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан 2002-жылы туулган А.Н., аттуу жаран Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасына камакка алынды.