Бишкекте милиция кызматкерлеринин кызматтык унаасынын айнегин сындырып салган кыз кармалды

Милиция кызматкерлеринин кызматтык унаасына зыян келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

10-январь күнү Бишкек ШИИБдин “102” кызматына таңкы саат 05:00 чамасында Медеров жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан түнкү клубдун жанынан кыз кызматтык унаасынын айнегин сындырды деген маалымат берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, 1993-жылы туулган жаран аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, Nexia Ravon үлгүсүндөгү кызматтык унаанын арткы сол эшигинин айнегин талкалап салган. Кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу каромоочу жайына киргизилген.