23-февралда саат 20:45 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына чалуу түшкөн. Анда 2007-жылы туулган өспүрүм кызды номуру жок унаа салып, белгисиз тарапка кеткени айтылган.
Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө-ыкчам тобу барган. Бул маалымат жалган экени, «пранк» кылгандары аныкталган. Факты каттоого алынып, териштирүү башталган.
Сверлов РИИБге 2007 жана 2008-жылы туулган өспүрүмдөр жеткирилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул факты боюнча чараларды көрүү үчүн иш Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын коопсуздук кызматына берилген. Ошондой эле өспүрүмдөр жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.