Бишкекте милицияны сөгүп, кол көтөргөн киши кармалды

Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

21-мартта саат 19:00дө Суванбердиев жана Беларус көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран жол тескөөчүлөргө кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, денесине залал келтирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.

Окуя боюнча 1996-жылы туулган шектүү Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми окуянын экинчи катышуучусу — 2006-жылы туулган жаранга карата Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин (транспорт каражаттарын айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде административдик чаралар көрүлүп, протокол түзүлгөн.