Бишкекте милициянын иш алып барбаганынан зордукталган кыз өз жанын кыйганы айтылууда

Бишкекте жашы жете элек кыз зордукталгандан кийин 5 ай өткөн соң өз жанын кыйды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар ​​билдирген.

Маалым болгондой, 2021-жылдын ноябрь айында 13 жаштагы кыздын агасы милицияга кайрылып, анын дайынсыз жоголгон карындашын таап берүүнү суранган. Үч күндөн кийин кыз табылып, зордукталганы белгилүү болгон. 

«Өспүрүм табылганда ал 21 жаштагы жигит тарабынан зордукталганын айткан. Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жабырлануучуну Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн. Ал жерде милиция кызды бир гана жолу суракка алып, кылмыш ишин козгогон, бирок шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес. Мындан тышкары, алдын ала маалыматтар боюнча, тергөөчүлөр кызды суракка алуу протоколун жана экспертизанын жыйынтыгын жасалмалашкан», — деп айтылат маалыматта. 

Айрым маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын укук коргоо кызматкерлери сурак протоколунда кыз шектүү менен өз ара макулдашуу боюнча жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн. Эксперт ошондой эле өспүрүм 17-18 жаштагыдай көрүнгөнүн айтышкан. 

Маалым болгондой, азыр Башкы прокуратура Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын эки тергөөчүсүнө жана корутунду берген экспертке кылмыш ишин козгоду. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул чечим боюнча эки айыпталуучу Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышкан. Кызды зордуктоого шектүү дагы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.