Бишкекте министрликтин имаратынан батарея уурдоого аракет кылгандар кармалды

Бишкек шаарында жайгашкан министрликтин имаратына кирип, мүлкүн уурдоого аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

8-августка караган түнү ИИМге Бишкек шаарында жайгашкан министрликтердин биринде кезметте турган милиция кызматкери телефон аркылуу чалып, имараттын ичинде 3-4 чоочун адам жүргөнүн билдирген.

Ошол замат аталган мекемеге кармоо тобу жөнөтүлүп, алар тарабынан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү күмүш түстөгү унаа токтотулуп, багажында жыйылып турган министрликке тиешелүү чоюн батареяларын уурдап алып кетип жаткан жеринен төрт жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.