23-декабрда болжол менен саат 21:00дө Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирде мурдагы жолдошу аялын атып салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Жерине Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө барган. Текшерүү учурунда 2025-жылдын 23-декабрында ажырашуу процессинен кийин 1978 жана 1977-жылы туулган мурдагы жубайлардын ортосунда уруш чыкканы аныкталган.
Чыр учурунда эркек киши өзүнө катталган «МР-79» үлгүсүндөгү травматикалык тапанчадан аялга ок чыгарган. Аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.