Бишкекте мушташ учурунда жаранга бычак сайылган. Шектүү кармалды

Милиция кызматкерлери тарабынан денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

26-сентябрь күнү милицияга жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 21:00 чамасында Сельсовет жана менен Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинен мушташка айланган оозеки чатак учурунда алардын бири белгисиз курч нерсе менен денесине оор залал келтирип, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан.

Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.