Бишкекте мушташка катышкан модель милицияга арыз менен кайрылды

Бишкекте кыздар мушташкан видео тараган. Видеонун авторунун айтымында, окуя Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон. Анын айтымында, модель Сусанна Егорян ага кол салган, андан кийин алар көчөдө мушташты улантышкан.

Модель социалдык тармактагы баракчасына окуя боюнча түшүндүрмө берип, ал спортсмен кыздар менен эс алып жүргөнүн, спортто жүргөн кыздар бирөөнө кол көтөрбөй турганын, ал эми өзү белгилүү адам болгондуктан, ага ызы-чууга аралашуу керек эместигин айткан. «Ал өзү келип эле «менин курбумду түртүп салдың» деп баштады. Ал кыз көңүл чордонунда болгусу келди», — деген ал.

Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти. 12-мартта саат 04:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Азия Молл» соода борборунун жанында кыздардын мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция 2004-жылы туулган кызды бөлүмгө жеткирген. Ал дагы бир кыз менен пикир келишпестик болуп, мушташ чыгып кеткенин айткан. Модель кыз арыз жазбай турганын, өзүлөрү чечишип алганын айткан.

Бул факты боюнча Ленин РИИБге модель менен анын курбусу кайрылып, анын денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранып, арыз жазган. Ал ошондой эле 45 миң сом турган бриллиант шакегин жоготуп алганын айткан. Дагы бир кыз арыз жазып, ошол эле күнү анын да денесине жаракат келтирген жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган фактылар каттоого алынып, экспертиза дайындалган. Тергөө уланууда.