Бишкекте мушташкан чет өлкөлүк студенттер. Шектүүлөр кармалып, окуудан чыгарылды

Свердлов РИИБдин кызматкерлери бейбаштыкка шектелген чет өлкөлүк жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-ноябрда милицияга пакистандык жаран кайрылып, аны 10-ноябрда саат 18:00 чамасында Бишкектеги «Жеңиш» аянтында эч себепсиз сабап кеткен мекендештерине чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары, 2001, 2002, 2003, 2004-жылы туулган жарандар кармалган.

«Борбордогу ЖОЖдордун биринде билим алып жаткан бир катар студенттер жүрүм-турум нормаларын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн окуу жайдын жетекчилигинин буйругу менен окуудан чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте бир нече чет элдик жарандар мушташа кетишкен видео тараган. Окуянын видеосун журналист Азамат Иманалиев Twitter баракчасына жайгаштырган.