Бишкекте мушташкан жарандардын видеосу тарады

27-июнда социалдык тармактарда эки адамдын мушташып жатканы тартылган видео тараган. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. 2000 жана 1991-жылы туулган жарандар милицияга жеткирилген.

2000-жылы туулган жаранга Кылмыш кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча административдик протокол түзүлгөн.