Кечээ, 11-мартта Бишкекте өспүрүмдөрдүн мушташкан видеосу тараган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, аталган факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Милиция кызматкерлери тарабынан мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Мушташ Исанов атындагы Кыргыз инжинер курулуш институтунун студенттеринин ортосунда чыккан.