Кечээ, 11-март күнү милицияга Бишкек шаарынын сейил бактарынын биринде балдар мушташып жатат деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Милиция кызматкерлери тарабынан мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилип, андан соң райондук башкармалыктын кызматкерлерине өткөрүп берилди. Ата-энелер жана окуучулар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, протокол түзүлдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram