Бишкекте музыкалык аппараттарды уурдаган делген шектүү кармалды

Бишкек шаарында музыкалык студиянын терезесин сындырып кирип, ал жерден 2 колонка, микрофон, 3 комуз жана Yamaha 550 үлгүсүндөгү музыкалык синтезаторду уурдаган шектүү кармалды. Келтирилген чыгымдын көлөмү 523 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, уурулукка шектелип, 33 жаштагы жаран кармалды. Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.