Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 37 чет өлкөлүк жаран аныкталды

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 37 чет өлкөлүк жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

16-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын аткарбаган 37 чет өлкөлүк жаран ИИМдин имаратына жеткирилип, зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлдү. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүмү (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуу) менен административдик протоколдор толтурулду. Мамлекеттер боюнча карасак, Пакистандын жарандары — 14, Бангладештики — 23.