Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду (видео)

Бишкекте мыйзамсыз кумар оюндарына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК мыйзамсыз кумар оюндарын уюштуруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз оюндарды уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. «Оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө» мыйзамына ылайык, республиканын аймагында тиешелүү лицензия албастан оюндарды уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынган, ага карабастан, бир топ адамдар Telegram тиркемеси аркылуу маал-маалы менен мыйзамсыз оюндарды уюштуруп, алар үчүн ар кандай мамлекеттик мекемелерден жайларды ижарага алышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 48 адам кармалып, алардын арасында мыйзамсыз кумар оюндарынын уюштуруучулары жана катышуучулары да суралган. Аталган кылмыштуу топтун уюштуруучусу кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.