Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

8-августта козголгон кылмыш ишинин алкагынд Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, 1962-жылы туулган И.Г. аттуу жаран кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Көк-Жар конушундагы жолду мыйзамсыз тосуунун негизги уюштуруучусу жана каржылоочусу болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Бул аракеттер мыйзамдуу түрдө жүрүп жаткан курулуштарды бузууга тоскоолдук кылуу, мыйзамсыз жер тилкелерин сатуу жана трансформациялоо иштерине катыштыгын жашыруу максатында жасалгандыгы аныкталган Ошентип, 6-августта Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 292 токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы жана шаар мэриясынын муниципалдык администрациясы тарабынан Көк-Жар конушундагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече жаран мыйзамсыз түрдө жолду тосушкан. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 279-беренеси (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1999-жылы туулган Б.М., 1991-жылы туулган А.Б., 1989-жылы туулган К.Н., 1990-жылы туулган М.У., жана 1965-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар аныкталып, кармалды. Мындан тышкары, мыйзамсыз аракеттерге катышкан 17 жарандын үстүнөн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 128-беренеси (Ички иштер органдары кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) боюнча протоколдор түзүлдү. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.Г. мыйзамсыз жер тилкелерин сатууга тиешеси бар экендиги аныкталды.
Жалпысынан 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени боюнча жарандардан бир нече арыз келип түшкөн. Аталган жаран «жер мафиясынын» активдүү мүчөсү катары мыйзамсыз жер тилкелерин сатууну уюштурган, айрым кызмат адамдары жана мамлекеттик кызматкерлер менен келишип алып, жарандарды жол тосууга үгүттөп жана башка чагымчыл аракеттерди жасаган. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.
Көк-Жар жаңы конушундагы айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга жол берген кызмат адамдарына карата текшерүү жүргүзүлдү. Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, мурдагы Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы М.К., мурдагы Көк-Жар айылынын кызматкери, учурдагы Бишкек шаарынын мэриясына караштуу аза кызматын көрсөтүү мекемесинин директору Д.Э. жана мурдагы Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы А.Н. кармалып, Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Азыркы учурда, коррупциялык схемаларды уюштурууга жана ага катышууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.