Мурда «Октябрдын 40 жылдыгы» атындагы тигүү фабрикасы – «Айгүл» АККтын балансында турган бала бакчанын имараты мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткен. Аталган бала бакча комплекси мамлекетке кайтарылганын УКМКдан билдиришти.
«Социалдык багыттагы объекттин менчик ээлери бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүшүп, мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти. Бала бакча комплексинин пайдалуу аянты 1810 чарчы метр, жалпы аянты 0,65 гектар болгон 2 кабаттуу 280 орунга ылайыкталган», — деп жазылат маалыматта.
Аталган объект Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан реконструкциялоо боюнча планга киргизилет.