Кечээ, 2-сентябрда социалдык тармактарда Тунгуч кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аялдын мышыктарды тээп жаткан видеосу аныкталган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан 1970-жылы туулган аял кармалып, тиешелүү тергөөгө чейинки иш-чараларды жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.