Социалдык тармактарда Бишкекте «ууруну кармап алышты» деген видео тарады. Маалыматтарга караганда, видео Тунгуч кичи районунда тартылган. Мечитке жума намазга келгендердин унаасын аңтарып жатканда кармап алышкан.
Жеринде милиция кызматкерин да көрүүгө болот. Милиция азырынча маалымат бере элек.