Бишкекте өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүү кармалды

Бишкекте өгөй кызын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

30-октябрь күнү Биринчи Май РИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын жолдошу БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаасы менен 2007-жылы туулган кызын уурдап кеткенин билдирген. Аталган факты катталып, тийиштүү издөө иш чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, 1972-жылы туулган шектүү башка автоунаа менен Ысык-Көл облусунда жүргөнү аныкталып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Ал эми шектүү тарабынан өлтүрүлгөн 2007-жылы туулган өгөй кызынын жансыз денеси Чүй облусунун аймагынан табылган. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122 (Адам өлтүрүү) жана 165 (Адамды уурдоо) беренелерине ылайык кылмыш иштери козголгон. Тергөө иштери улантылууда.