Бишкекте өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүүнүн кармалышы. Жаңы жагдайлар

Буга чейин Бишкек ШИИБ маалымат таратып, өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирген.

30-октябрь күнү Биринчи Май РИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын жолдошу БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаасы менен 2007-жылы туулган кызын уурдап кеткенин билдирген. Аталган факты катталып, тийиштүү издөө иш чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, 1972-жылы туулган шектүү башка автоунаа менен Ысык-Көл облусунда жүргөнү аныкталып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Бишкек ШИИБ кечээ, 18-ноябрда маалымат таратып, бул факты дароо Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан жеке көзөмөлгө алынганын билдиришти. Ошону менен бирге, жашы жете элек 2007-жылы туулган Д.П. аттуу өгөй кызын шектүү өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталып денеси Чүй облусунун аймагынан табылган.

Бул факты Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иштери козголуп, сот тарабынан Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекстүү жүргүзүлүүдө.

Бишкек ШИИБ тийиштүү укуктук баа берүүгө жана сөзсүз болуучу жазаны принцибин камсыз кылууга багытталган бардык чараларды көрөт.