Бишкекте ок атылган окуя. Милиция: «Жан Воинов урушуп жаткандарды ажыратууга аракет кылган»

Кечээ, 14-августта социалдык тармактарга Бишкекте ок атуу болгону тууралуу видео жарыяланган. Анда бийчи Жан Воиновдун аты аталып, анын ок чыгарганын да жазышкан. Окуя тууралуу Биринчи Май РИИБден маалымат беришти.

«Аталган факты Биринчи Май РИИБге катталып, тергөө иштери жүрө баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө 14-август күнү саат 03:30 чамасында «Кипиш-бардын» кире беришинде белгисиз жарандардын ортосунда пикир келишпестик катталганы маалым болгон. Жан Воинов урушту көрүп, аларды ажыратууга аракет кылган учурда аны бирөө бетке муштаган. Өзүн коргоо максатында Воинов аны түртүп салган. Аларды башка бирөөлөр ажыратышкан. Кийин алар бир пикирге келишип, аталган жайдан кетишкен»,— деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ок чыгарган жарандын 1995-жылы туулганы аныкталган. Ал өз көрсөтмөсүндө унаасы менен унаа жуучу жайга бара жатып, аталган жайга токтоп, тааныштары барбы же жокпу караган. Эшикте турган 3 жаран бөтөлкө чагып, кимдир-бирөөнүн дарегине орой сөздөрдү айтып жатканын байкап калып, жигиттердин мушташып кетишине жол бербөө үчүн «Добрыня» сигналдык тапанчасын алып чыгып, абага эскертүү иретинде ок чыгарган. Анын кимдир бирөө менен уруша кетүү максаты жок экенин айткан. Ал ЖМКларда тараган видеодон кийин, милицияга өзү барып, тапанчасын тапшырган.