Бишкекте ок атышуу болуп, 38 жаштагы жаран жандандыруу бөлүмүнө түштү

Кечээ, 11-августта социалдык тармактарда эки унаадан адамдар түшүп мушташып, ок атылган видео тараган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБ маалымат берип, бир адамдын жабыркаганын билдирди.

Маалыматка караганда, 7-августта Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Карманский көчөсүндө белгисиз жарандын октон жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери барышкан. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө белгисиз маркадагы тапанча, 1 даана гильза жана патрон табылган. 1984-жылы туулган жаран жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 280-беренеси (ээнбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Учурда окуяга тиешелүү адамдары издөө жүрүп жатат.